Перейти к содержимому

Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери Туризм күнүнө арналган ишембилик акциясын өткөрүштү

Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери Туризм күнүнө арналган ишембилик акциясын өткөрүштү

27-сентябрь – Дүйнөлүк туризм күнүнө карата академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин География, туризм жана табигый илимдер кафедрасынын студенттери Кашка-Суу аймагында ишембилик уюштурушту.

Иш-чаранын негизги максаты – айлана-чөйрөнү тазалоо жана сактоо, жаштардын табиятка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу жана экологиялык маданиятты жайылтуу болду. Студенттер Кашка-Суунун аймагын таштандылардан тазалап, коомчулукту экологиялык акцияларга активдүү катышууга чакырышты.

Бул демилге студенттердин туризм тармагындагы билимдерин практика менен айкалыштырып, туруктуу өнүгүүнүн принциптерин жаштар арасында жайылтууга багытталды.