Перейти к содержимому

Урматтуу достор!

Урматтуу достор!

Бүгүн да сиздерди академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин өзүнүн терең билими, жогорку кесипкөйлүгү жана адамгерчилиги менен айырмаланган алдыңкы окутуучуларынын бири менен тааныштырууну улантабыз.

Эрик Садыкович — философия илимдеринин доктору, БМУнун профессору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер жана практик психологдор ассоциациясынын президенти, ошондой эле университетке караштуу «Үмүт» социалдык-психологиялык борборунун директору болуп эмгектенет. Ал учурда Социалдык-психологиялык факультетинин социалдык кызмат жана практикалык психология кафедрасынын жетекчиси.

Профессор Орозалиев социалдык кызмат жана психология тармактарынын өлкөдө калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатат. Ал — философия, психология жана социалдык иш багытындагы көптөгөн илимий эмгектердин автору.

Эрик Садыковичтин жүздөгөн шакирттери, студенттери, магистранттары жана докторанттары аны терең урматташат жана чын ыкластан баалашат. Ал кесиптештеринин арасында да чоң абройго жана сый-урматка ээ. Анын сабактары ар дайым терең мазмундуу жана таасирдүү өтөт. Өзүнүн бай тажрыйбасын студенттер менен бөлүшүп, аларды руханий баалуулуктарга, адамгерчиликке жана илимге умтулууга шыктандырып келет

Урматтуу достор!